Call борбор: АКШдагы кыргызстандыктар Centerra Gold Inc.ке каршы митингге чыгышты. (Сүрөт)
RU

Call борбор: АКШдагы кыргызстандыктар Centerra Gold Inc.ке каршы митингге чыгышты. (Сүрөт)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маалыматты окурман Call-борборуна жөнөткөн.

- Бир күн мурун, 27-июнда, Цинциннати, Огайо штатындагы Гамильтон округунда канадалык Centerra Gold Inc алтын өндүрүүчү компаниясына каршы акция өттү. Митингчилер компаниядан мөңгүлөрдөгү таштандыларды сактоо боюнча жоопкерчилик алуусун талап кылышууда.

"20 жыл аралыгында алар биздин жерибизди, мөңгүлөрүбүздү, абабызды, тоолорубузду, айлана-чөйрөнү жана албетте, жергиликтүү калктын ден-соолугун жок кылышты. Мунун баарын жергиликтүү бийликтин жардамы менен ишке ашырды. Адамдар жаратылышка зыян келтиришти, бул кылымдын аферасы. Биз буга көзүбүздү жумуп, эч нерсе кылбай коё албайбыз",- деди окурман.

Ал белгилегендей, кыргыздар АКШда, Канадада, Кыргызстанда же башка жерлерде болсун жаратылышты коргоого аракет кылышат.

"Жооп берчү мезгил келди, жаратылышты калыбына келтирүү убагы келди. Учурдагы өкмөт өлкөнүн эрежелерин сактаган жана мыйзамдарын сыйлаган инвесторлорду кабыл алат", - деди окурман.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2284