2 миңден ашык адамда COVID-19 аныкталды. Эмне үчүн ооругандар кескин көбөйүп кетти?
RU

2 миңден ашык адамда COVID-19 аныкталды. Эмне үчүн ооругандар кескин көбөйүп кетти?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда коронавирус жугузгандардын саны бир күндө 2000ге жетти. Мындай көрсөткүчтөр былтыркы "каргашалуу июль" айында да болгон эмес. Эмне үчүн кескин көбөйүп кетти? Бул суроо менен редакция Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Султан Абдыкадыровго кайрылды.

- кескин өсүү Бишкек жана Чүй облусунун эсебинен болуп жатат. Биринчиден калк жыш жайгашкан, жана санитардык талаптар сакталган жок.

Экинчиси - ПЦР-анализдердин күмөн жараткан натыйжалары кайрадан ретестирлөөгө жөнөтүлгөн. Башкача айтканда, так эмес анализдер тастыкталып, көбү оң натыйжа көрсөттү. Ошондон улам статистикада ушундай секирик байкалып жатат.

Андан тышкары контакт болгондордун жана ПЦР тестин тапшыргандардын саны көбөйгөнүнө байланыштуу, ооругандарды аныктоо көбүрөөк. Лабораториялар эки күндүн натыйжаларын көрсөтүштү.

Оорунун эрте аныкталышы жакшы. Анткени, мурунку жылы кишини оор абалда ооруканага алып келмейин ал статистикага кирчү эмес. ПЦР-тест аз болчу. Азыр оору эрте стадиясында аныкталып, эрте чара көрүлүп жатат.

Эң башкысы - сактануу жана мүмкүн болушунча эки жака баруудан баш тартуу. Бирок паникага алдыртуу керек эмес. Ооруну жугузгандар көбөйүп жатат, аларды аныктоо да эрте жүрүүдө. Лабораториялык тастыктоо да мурункуга салыштырмалуу жогору, деди Султан Абдыкадыров.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2299