"Ала-Тоо" эл аралык университетинин студенттеринин инновациялык долбоорлору
RU

"Ала-Тоо" эл аралык университетинин студенттеринин инновациялык долбоорлору

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Заманбап жашоону гаджети жок элестетүү кыйын. Дүйнө жаңы технологиялар заманына өтүп, азыркы тапта, жада калса шопуру жок айдап жүргөн унаалар бар.

Дрон же квадракоптер, же мультиротор, же болбосо пилоту жок учуучу аппарат - булар тууралуу бардыгыбыз эле угуп жүрөбүз. Ал эми "Ала-Тоо" эл аралык университетинин инженерия жана информатика факультетинин студенттери бир нече нано-техникаларды жасагандыгын билчү белеңер?

Бул жөнүндө кененирээк инженерия жана информатика факультетинин окутуучуусу физико-математикалык илимдердин кандидаты, кафедранын доценти Руслан Исаев айтып берет.

Уникалдуу телескоп

- Биздин студент катардагы буюмдарды колдонуп, уникалдуу телескоп жасаган. Ал эми айрым деталдары 3D-принтерге басылып чыгарылган. Телескоп автономдуу, б.а. ал өзү асмандагы объектилерди таап, "настройка" болот. Маселен, бул телескоп аркылуу Бишкектеги эки уникалдуу кубулушка күбө болдук: бир ай мурун Айдын жерге өтө жакын аралыкка келиши (суперлуние) жана 10-июндагы жарым-жартылай тутулушу. Телескоп жүз эселеп чоңойтуп көрсөтө алат. Telegram аркылуу да иштейт, б.а. кайсы объектини көргүңүз келсе жазасыз, бир аздан кийин сүрөтү келет. Фото сүрөт веб камеранын жардамы менен тарылат, ал телескоптун оптикалык сиистемасына орнотулган. Телескопту мыктылоо иши тогуз айдан бери уланып келет. Бул жождун студенти чогулткан Кыргызстандагы алгачкы телескоптордун бири. Менимче, түшүнүгү бар жана чыдамы бар ар бир эле адам телескоп чогулта алат.

Бак-дарактарды тиккен дрон

- Суденттер бул дронду нөлдөн баштап жасашты. Алар даяр конструкторду колдонуп, Python аркылуу программа жазышкан. Дрон автономдук режимде иштейт, б.а. кайда учат, кандай бийиктикте көрсөтүлөт, деген буюртмаларды аткарат. Студенттер жерге таштоо механизмин да иштеп чыгышкан. Чопо, кара топурак жана минералдарды колдонуп капсула даярдалып, ичине дарактын данеги салынат. Капсулалар дрондон ташталып, теория боюнча андан бактар өсүп чыгышы керек. Бишкектин аймагына жана Кочкор өрөөнүнө 100гө чукул капсула (бактар) таштадык. Дрон Москвада өткөн эл аралык CopterHack-2021 сынагында алтынчы орунду ээледи.

Граффити-дрон

- Долбоорду АЭУнун алдындагы IT & Business колледжинин 1-2 курсунун студенттери ишке ашырышкан. Буга чейин балдар телефон же компьютердеги фотону карап А4 форматындагы кагазга ручка менен сүрөт тарта турган роботту жасашкан. Граффити-дрон долбоорунда робот ручканын ордуна боек куюлган баллончикти, ал эми кагаздын ордуна дубал колдонот. Калаган сүрөттү дубалга тартса болот. Студенттер дронду чогултуп, программасын жазып, веб-интерфейсин жасашкан. Баллончикти кармай турган тетиктин проектисин чийип, 3D-принтерге басып чыгарышкан. Долбоор CopterHack-2021 эл аралык сынакта төртүнчү орунга татыган. Буга чейин Кыргызстандан эч кии мындайга жеткен эмес.

Minecraft- "Ала-Тоо" виртуалдык университети"

- Бул көпчүлүк жаштарга белгилүү болгон Minecraft оюнунда салынган Кыргызстандагы алгачкы университет. Долбоордун өзгөчөлүгү, оюндагы университет аны курчаган территориясынан тартып ички экстерьер жана интерьерине чейин толугу менен окшоштуруп жасалган. Каалаган адам виртуалдуу университетке кирип, аны ичинен көрө алат. Бул оюнда түрдүү квесттерди, иш чараларды уюштуруу менен бирге мектеп окуучулары үчүн оюндун ичинде түрдүү конференцияларды, ачык эшик күндөрүн өткөрүү пландалууда. Андан тышкары атайын экспкурсиялар уюштурулуп, кабинеттерди, кафедраларды кыдырып көрсө болот. Minecraft - констркутор оюн, б.а. анда кубиктерден каалаган нерсени (имараттарды, шаарларды ж.б.) куруп алсаң болот. Ошондой эле Minecraft'ттан түрдүү презентацияларды жасап, үн аркылуу билдирүүлөрдү жөнөтүүгө мүмкүн. Виртуалдык кампусту жасоого 1-2 курстун студенттери катышкан. Мен окутуучусу катары Python программалоо тили аркылуу имараттардын каркасын тургузуп бердим.

Чынында, университетибиз менен колледждин IT-багытындагы студенттери абдан мээнеткеч. Ар дайым изденип, жаңы долбоорлорду ишке ашырганда күндөп-түндөп иштешет. Абитуриенттерди университетибизге келип инновациялык робот жана дрондорду жасоо ишине бирге катышууга чакырабыз. Бул абдан кызыктуу жана коомго пайдалуу!

Консультацияны төмонкү телефондордон жана "Ала-Тоо" эл аралык университеттин сайтынан ала аласыз:

+996 555 82 00 00

+996 312 63 04 07

www.alatoo.edu.kg

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2314