Баткен областына өзгөчө макам берүү облуска олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келиши керек
RU

Баткен областына өзгөчө макам берүү облуска олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келиши керек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселеси боюнча мамлекеттик комиссиянын кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын мааымат бөлүмү кабарлады.

Кеңешменин журүшүндө башка маселелер менен катар "Баткен областына өзгөчө макам берүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, "Баткен областына өзгөчө макам берүү жөнүндө" мыйзам долбоору аймак тургундарынын жашоосуна олуттуу өзгөрүүлөрдү алып келиши керек.

"Мыйзам долбоорунун негизги милдети - жаңы жумушчу орундарын түзүү менен социалдык жана инфраструктуралык объектилерди куруу, жашоочуларды ичүүчү таза суу жана сугат суу менен камсыз кылуу, жана инвестицияларды тартуу сыяктуу актуалдуу маселелерди чечүү аркылуу аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу. Биз Баткен облусунда жашаган ар бир үй-бүлөнүн жашоосунда чыныгы өзгөрүүлөргө жетишүүбүз керек. Адамдар ыңгайлуу жана коопсуз чөйрөдө жашоого тийиш", - деди Улукбек Марипов.

Ал үчүн аймакты өнүктүрүү программасын мониторингдөө, баалоо жана көзөмөлдөө боюнча Координациялык Кеңешти түзүү менен аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

"Жеңилдетилген каржылоонун механизмдери иштелип чыккан, облусту өнүктүрүү бюджетин түзүүнүн атайын тартиби бекитилген, мамлекеттик кепилдиктерди караган атайын салык жана инвестициялык режим киргизилген", - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин орун басары Данияр Иманалиев.

Ал кошумчалагандай, регионго өзгөчө статус берилгенден кийин, товарларды мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруунун өзгөчө режими киргизилет жана Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө жеңилдиктер сунушталат.

Ошондой эле аталган мыйзам долбоорунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ыйгарым укуктарын күчтөндурүү жана ага төмөнкү укуктардын ыйгарылуусу каралган:

  • атайын функционалдык-административдик, уюштуруучулук-бөлүштүрүүчү ыйгарым укуктар жана өзгөчө статус;
  • мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн ишин жана укук коргоо органдары жана күч түзүмдөрү менен өз ара аракеттенүүнү координациялоо боюнча ыйгарым укуктар.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2327