"Эмгек" партиясы Бишкекке эң жашыл шаар атагын кантип кайтарып бере турганын айтып беришти
RU

"Эмгек" партиясы Бишкекке эң жашыл шаар атагын кантип кайтарып бере турганын айтып беришти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык кеңешке "Эмгек" саясий партиясынан депутаттыкка талапкерлер күн сайын шайлоочулары менен жолугушуп, шайлоо алдындагы программасын айтып берип жатышат.

Мелисбек Токталиев ушул күндөрү "Арча-Бешик" жаңы конушунда дагы бир жолугушуусун өткөрдү. Депутаттыкка талапкерлер Руслан Шаршенбай уулу жана Эльмир Досалиев Рязанская көчөсүнүн тургундары менен жолугушкан. Андан тышкары Руслан Шаршенбай уулу Чүй проспектисиндеги №71 үйдүн жашоочулары менен кезиксе, Бактыбек Абдиев короо кыдырып, шардыктар менен баарларшты.

Бишкектиктер аймакты жашылдандыруу боюнча бир катар маселелерди көтөрүп чыгышты. "Бишкек шаардык кеңешке өтөөрү менен "Эмгек" партиясы бул маселени чечүүгө катуу киришет. Бак-дарактарды тигип, аларды сактап калуу үчүн парк же сквер статусун беребиз. Бактарды мыйзамсыз кыйгандарга жоопкерчиликти катуулатабыз. Суу жээктерин тазалап, шаардыктардын сейилдеп, эс алуусу үчүн шарт түзөбүз. Көчөттөр менен жетиштүү деңгээлде камсыздоо үчүн атайын питомник ачабыз. Жаңы ирригациялык түйүндөр салынып, эскилерин оңдоп-түзөйбүз, сугат суу менен камсыздоо үчүн жаңы скважиналарды каздырып, мурункуларын калыбына келтиребиз", - деп талапкерлер убадаларын беришти.

Жолугушуулар ачык асман алдында жана бардык санитардык нормаларды сактоо менен өткөрүлдү. Ар бир жолугушууга 15-20дай адам катышып жатты.

БШКга кайталап шайлоо ушул жылдын 11-июлуна белгиленген. Шайлоо бюллетенинде "Эмгек" партиясы 4чү номер менен катталган.

Аткаруучу: "ПроМедиа Плюс" КФ, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 90а. Буйуртмачы: "Эмгек партиясы" саясий партиясы. Партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Омуралиева М.З. тарабынан "Эмгек партиясы" саясий партиясынын атайын шайлоо фондунун каражатынан төлөндү.

Чыга турган күнү: 01.07.2021-ж. Нускасы: 1.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2341