Кыргызстандын төрт окуучусу информатика боюча эл аралык олимпиададан коло байге алышты
RU

Кыргызстандын төрт окуучусу информатика боюча эл аралык олимпиададан коло байге алышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын төрт мектеп окуучусу информатика боюнча эл аралык олимпиадага катышып, коло байгеге татыктуу болушту. Бул тууралуу олимпиаданын расмий сайтында жазылып турат.

Олимпиада 19нан 26-июнга чейин өткөн. Быйыл уюштуруу комитети Сингапурда иштеген, бирок пандемияга байланыштуу мелдеш онлайн-режимде өткөрүлдү. Конкурска 88 өлкөдөн 351 окуучу катышкан.

Быйыл Кыргызстандын атынан төрт окуучу катышып, бардыгы тең коло медалдарды алышты. Алар:

Ислам Давлетов

Артур Айдаров

Данияр Бейшекеев

Тенгиз Беккоенов

Азыркы күндө бул эн жакшы көрсөткүч. 2019-жылы кыргызстандык окуучулар үч коло медаль алышкан. 2020-жылы эч ким байгелүу орундарга илинген эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2354