Чүй районундагы жайлоолордун биринде күйөөсү аялын атып салган деп шектелүүдө
RU

Чүй районундагы жайлоолордун биринде күйөөсү аялын атып салган деп шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй районунда жарандык никедеги аялын өлтүрүүгө шектүү кармалды

2021-жылдын 30-июнь күнү Чүй районунун ИИБнин нөөмөт бөлүгүнө Чүй районундагы жайлоолордун биринде бир аял ок атуучу курал менен атылып, өз өмүрүн кыйгандыгы тууралу маалымат келип түшкөн. Мындай маалыматты Чүй ОИИБсинин басма соз кызматы билдирди.

Чүй районунун ИИБсинин ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке дароо чыгып, милиция окуя болгон жерге кароо жүргүзүп, маркумдун дене-жаракаттары аныкталып, ал 1976-жылы туулган У.Н. аттуу жаран экендигин такталган.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин алкагында жогорудагы кылмышка шектелип, каза болгон аялдын жарандык никедеги жолдошу 1976-жылы туулган Т.О. кармалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алар жайлоодо малчы болуп иштеп жүрүшкөн.

Окуя жубайлардын мас абаланда ортосунда чыккан пикир келишпестиктен улам болгону маалым болгон.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалаган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2360