Ошто бейтааныш адам кичинекей кызды ээрчитип баратып, видеого түшүп калды
RU

Ошто бейтааныш адам кичинекей кызды ээрчитип баратып, видеого түшүп калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто бирөөнүн кичинекей кызын алып кетти деп шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, 2-июль күнү Ош шаарынын тургуну Ички иштер башкармалыгына кайрылып, эки жарым жашында кызын жоготкондугун айтып кайрылган.

Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, видеокөзөмөлдөө камераларын карап чыгышкан. Көрсө, кызды бир нерсени айтып болжол менен 35-40 жаштардагы эркек киши алып кеткен.

Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин "Адамды уурдоо" беренеси боюнча катталган.

Натыйжада Ак-Буура РИИБнин Криминалдык милиция кызматкерлери кызды таап, ата-энесине өткөрүп беришкен.

Кызды алып кеткен кишинин өздүгү аныкталды. Бул Ош облусунун Алай районунун тургуну 1983-жылы туулган Ч.А.

Кызга тиешелүү экспертизалар дайындалды. Кармалган Ч.А Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармалуучу жайына киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2375