Бишкекте, көп кабаттуу үйдө жайгашкан кафе өрттөндү. Жашоочулар аны жаап салууну суранышты
RU

Бишкекте, көп кабаттуу үйдө жайгашкан кафе өрттөндү. Жашоочулар аны жаап салууну суранышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте, көп кабаттуу үйдүн биринчи кабатында жайгашкан кафе өрттөндү. Бул тууралуу Kaktus.media'га ошол үйдө жашаган окурман билдирди.

Кыргызстандын ӨКМ билдиргендей бүгүн, 28-декабрда, Шопоков көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринен өрт чыккан. Эртең мененки саат 07:57де өрт өчүрүүчүлөрдүн бригадасы келип, 17 мүнөттө өрттү чектеп, дагы 10 мүнөттөн кийин толугу менен өчүргөн.

Билдирүү жөнөткөн окурмандын айтымында бул үйдүн тургундары бир нече жолу Мамтехинспекцияга жана прокуратурага коомдук тамактануу мекемелерди жабуу боюнча кайрылышкан. Себеби, мыйзам боюнча аларга көп кабаттуу үйдө жайгашуусуна уруксат берилбейт.

"Тамак аш даярдоо үчүн кафе газ баллондорун колдонот, алар каалаган учурда жарылып кетиши мүмкүн. Мисалы, "Антошка" кафесине окшоп. Анда адамдар жабыркаган болчу. Бирок Свердлов районунун прокуратурасы жана Мамтехинспекция эч кандай чара көргөн жок. Формалдуу түрдө гана бизге каттарды жөнөтүп коюшат. Биз бул үйдө жашагандан коркобуз. Бүгүн эртең менен квартираларыбыздагы издин жытын байкап, көпчүлүгүбүз сыртка чуркап чыктык, ал жерде өрт өчүрүүчү машине келип, отту өчүрүп жатыптыр", - деди окурман.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/238