Ала-Арча суусактагычынан 13 жаштагы өспүрүм баланын сөөгү табылды
RU

Ала-Арча суусактагычынан 13 жаштагы өспүрүм баланын сөөгү табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аламүдүн районундагы "Калыс-Ордо" жаңы конушунан алыс эмес жайгашкан Ала-Арча суу сактагычына өспүрүм бала чөгүп кеткен. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берди.

Өспүрүмдүн денесин издөөгө Бишкектен сегиз куткаруучу алып келинген. Алар баланын сөөгүн таап, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен, деп билдирүүдө жазылган.

Сууга чөккөн баланын аты-жөнү такталып, ал 2008-жылы туулган Ш.И. экени белгилүү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2398