118 кызматынын операторлору көбөйтүлдү. Эми алар сизди эмдөөдөн өткөрүү үчүн катташат
RU

118 кызматынын операторлору көбөйтүлдү. Эми алар сизди эмдөөдөн өткөрүү үчүн катташат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

КР Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин адистери 118 кызматынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзүштү, деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

Так эмне кылды:

  • операторлордун штатын көбөйттү - аларга үй-бүлөлүк медицина борборлорунун тажрыйбалуу дарыгерлери, КММАнын резиденттери жана жогорку класстын студенттери тартылды. Алар үчүн атайын даярдык тренингдери өткөрүлүп, анда иштөө эрежелери жана кайрылуучулар менен баарлашуу өткөрүү үчүн зарыл болгон көндүмдөр, атайын санариптик чечимдер менен иштөө тартиби жөнүндө сөз болду;
  • байланыш каналдары көбөйдү;
  • 118 кызматтын функционалдык мүмкүнчүлүгүн кеңейтти. Эми чакыруучулар 118 кызматы аркылуу эмдөөлөргө жазыла алышат жана ал жакта эмдөөгө байланыштуу маселелер боюнча маалыматты такташат.

118 кызматынын операторлору тейлөө графигине ылайык ысык тамак менен камсыз болушкан. Боорукердик Гильдиясы тамак-аш жеткирүүгө жардам берди.

Бул иш-чаралар Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын атынан ПРООНдун каржылык колдоосу менен Сорос - Кыргызстан Фондусу менен биргеликте өткөрүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2405