Орхан Инандынын кармалганына Кыргызстан органдары кандай реакция кылышты (же кылган жок)
RU

Орхан Инандынын кармалганына Кыргызстан органдары кандай реакция кылышты (же кылган жок)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 5-июлда, Түркиянын президенти Реджеп Тайып Эрдоган министрлер кабинетинин жыйынында сөз сүйлөп жатып, Түркиянын Улуттук чалгындоо оюуму дагы бир операциянын ийгиликтүү өткөрүп, FETO'нун улук офицери Орхан Инандыны Түркияга жеткирилгенин жар салды.

Белгилей кетсек, Инанды Бишкек шаарынан, 1-июнга караган түнү жок болуп кеткен. Ал 31-май күнү кечкисин Lexus GX470 унаасын айдап чыккан. 1-июнда, эртең мененки саат 4тө машинеси Малдыбаев көчөсүнөн табылган болчу.

Ушунча убакыттан бери милиция Инандынын издеп жүргөнүн билдирген. Президент Садыр Жапаров УКМК жана ИИМге издөө иштерин күчөтүүнү буюрган. Инандынын жубайы Рейхан, күйөөсү түрк элчилигинде болушу мүмкүн, деген божомолдоолорду айткан. Садыр Жапаров Түркияга иш сапары менен барып, Эрдоган менен жолугушканда да Инандынын жоголушу боюнча маселе көтөрүлгөн болчу.

Учурда Кыргызстандын УКМКсы, ИИМи, ТИМи комментарий берүүгө жеткиликсиз. Түркиянын атайын кызматы кантип Кыргызстандын жаранын республиканын аймагынан чыгарып кетишти, деген суроого жооп жок.

Телефон чалууларга башка мамлекеттик органдар да жооп бербей жатышат. Алар мындан мурун Инандыны күнү-түнү издеп жатабыз, деп ишендиришкен болчу.

ИИМдин жетекчисинин орун басары Нурбек Абдиев Инандынын камакка алынып, Түркияга жеткирилишине эч кандай комментарий бере албастыгын Kaktus.media'га билдирди. "Анткени ЖМКнын суроолоруна пресс-кызмат жооп берүүгө тийиш, ошол жака телефон чалгыла", - деп айтты.

Белгилей кетсек, ИИМдин пресс-кызматы да комментарий берүүгө жеткиликсиз.

Эске салсак, мындан мурун Абдиев Жогорку Кеңештин депутаттарына Орхан Инанды Интерполдун линиясы боюнча изделип жатат, деп билдирген болчу. "Инанды жергиликтүу жана эл аралык деңгээлде Интерполдун линиясы боюнча изделип жатат. Биз Россия, Түркия жана башка бир катар өлкөлөргө ориентировкаларды жөнөттүк", - деп министрдин орун басары айткан.

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитети да Орхан Инандынын ишине комментарий берген жок. Комитеттин жетекчиси Тазабек Икрамов Молдованын парламенттик шайлоосуна эл аралык байкоочу катары кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2417