Кара-Сууда үч белгисиз адам бизнесмендин 100 миң долларын алып, баласын жарадар кылышты
RU

Кара-Сууда үч белгисиз адам бизнесмендин 100 миң долларын алып, баласын жарадар кылышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун ИИБси билдиргендей, 26-декабрь күнү болжол менен саат 10:00 чамасында Савай айыл аймагына караштуу Кызыл-Шарк айылында, маска тагынган үч белгисиз адам SsangYong Musso үлүсүндөгү автоунасы менен сүзүп токтотушкан.

Машинеде 24 жашар С.С. жана анын атасы 47-жашар О.С баратышкан. Маскачандар 24 жаштагы жигиттин бутуна ок атып, $100 миңин алып кетишкен. Андан кийин кылмышкерлер Daewoo Nexia үлгүсүндөгү машинеге отуруп, белгисиз тарапка кетишкен.

Бу окуя боюнча отко чейинки өндүрүш иши башталды.

ИИБ белгилегендей окуя болгон жерден ок атуучу куралдын гильзалары табылган.

Андан тышкары милиция Daewoo Nexia үлгүсүндөгү автомобилди ошол эле айыл аймагынын Киров айылынан табышкан. "Автоунаага кароо жүргүзүлүп айып аятчасына киргизилди. Кылмышка шектүүлөрдү кармоо боюнча тийиштүү иш чаралар жүргүзүлүүдө", - деп ИИБ маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/242