Жер алдындагы өтмөктүн пандусу менен колдонуу мүмкүн эмес. Мэрия жасаган лифт кайда? Видео
RU

Жер алдындагы өтмөктүн пандусу менен колдонуу мүмкүн эмес. Мэрия жасаган лифт кайда? Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Укук коргоочу Назгүл Турдубекова майыптыгы бар кишини үч эркек пандусту колдонуп араң үстүнө түртүп чыгарганына күбө болду. Ал бул учурду видеого тартып жетишкен.

"Майыптыгы бар жигиттин коляскасын ЦУМдун жанында жер алдындагы өтмөктөн үч эркек араң түртүп чыгарышты. Ооба, жөн эле түртүп эмес, араң. Коляскадагы мырза бир чети таң калып, бир чети уялып жатты", - деп укук коргоочу жазган.

Майыптыгы бар адамдардын көз карандысыз тиричилик кылуу стандарттарына ылайык, пандус аркылуу өз алдынча чыгып, өз алдынча түшүшү керек болчу.

"Активисттер маселени көп ирет көтөрүп чыгышкан, бирок эч кандай өзгөрүү жок. Жумушун начар аткарган мэрияны сотко бериш керек. Акча сарпталды, объект эксплуатацияга кабыл алынды, бирок аны менен колдонуу мүмкүн эмес. Сунушума макул болгондордун бардыгын биригүүгө чакырам. Жооптуу мекемелерден жер алдындагы өтмөктү тиешелүү кейипке келтирүүсүн талап кылалы", - деп Турдубаева жазды.

Эске салсак, 2017-жылы ЦУМ жана филармониянын жанындагы өтмөктөр ремонттолуп, майыптыгы бар адамдар үчүн атайын лифттер орнотулган. Аларга 6,7 млн сом коротулган болчу. Бирок лифттер ошо бойдон бир да жолу иштеген жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2438