Жанар Акаев: Түрк ЖМКлары Орхан Инандыны Садыр Жапаров белек катары алып келди деп жазышты
RU

Жанар Акаев: Түрк ЖМКлары Орхан Инандыны Садыр Жапаров белек катары алып келди деп жазышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Жанар Акаев УКМКнын кызматкерлеринен коркпой, түрк ЖМКлары чыгарган публикацияларга жооп кайтарууну талап кылды. Бул тууралуу депутат бүгүн, 7-июлда, Орхан Инандынын уурдалышы боюнча Жогорку Кеңештеги жыйында сөз жүрүп жатканда билдирди.

Анын айтымында, Орхан Инандыны кыргызстандын атайын кызматы Түркия үчүн кармап берген.

"Sabah деген олуттуу эле сайт. Орхан Инандыны Кыргызстандын атайын кызматы кармап берди, деп килтейген маалымат агенттиги жазып чыкты. Моюнга алгандай унчукпай отуруп бердиңер. Бул социалдык тармакка бирөө комментарий жазып койгондой эмес. Бул миллион-миллион тираж менен чыккан басылма. Ачык жазып жатат. Ошого ыкчам жооп кайтарбайсыңарбы! Эмнеге мынча коркок, мажүрө болуп жатасыңар?

Террордук уюмдарга тиешеси болсо да, мыйзамсыз иштерди жасаса да, ушу жерден, Кыргызстандан кармагыла, соттогула", - деди депутат.

Дастан Бекешев, эртели-кеч чындык ачыкка чыгат дейт.

"Азыр биздин укук коргоо органдары эч нерсе билбегендей отурушат. Азиз Батукаевди да чыгарып кеткенде, ушинтип отуруп беришкен. Азыр, мына бардыгы ачыкка чыкты. Биздин УКМК менен байланышпай туруп, атайын операцияны жүргүзүү мүмкүн эмес. Бирок, силер аны айтпайсыңар. Мезгили келгенде тиешелүүлөр жоопко тартылат", - деп Бекешев укук коргоочу органдарга кайрылды.

Абдывахап Нурбаев өз кезегинде, мындай сүйлөшүүлөр болсо дагы Түркиянын президенти Реджеп Тайып Эрдоган биздин жетекчилерди "кидать этти да", бүтүндөй дүйнөгө жар салып, бизди уят кылды, деген оюн билдирди.

"Кийинки ушундай иш чараларда ушуну эске алсаңар", - деди ал.

Талкуунун соңунда, депутаттар мамлекеттик органдарга Орхан Инандыны мекенине кайтаруу боюнча бардык тиешелүу чараларды көрүү аракетин буюрушту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2445