Өкмөт үйүнүн жанында Орхан Инандыны кайтарып алууну талап кылган митинг өтүп жатат
RU

Өкмөт үйүнүн жанында Орхан Инандыны кайтарып алууну талап кылган митинг өтүп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өкмөт үйүнүн алдында, Түркиянын атайын кызматтары тарабынан уурдалып, Түркияга алынып кеткен "Сапат" Билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны колдоо митинги өтүп жатат.

Митингдин катышуучулары Инандыны Кыргызстанга кайтарып берүүнү талап кылышууда, анткени ал биздин өлкөнүн жараны. Алар "Mr. President save your people" ("Президент мырза, өз элиңизди сактап калыңыз"), "Адам омуру баарынан кымбат" жана башка плакаттар менен чыгышты.

Митингчилерге Орхандын аялы дагы кошулду. Митинг Лениндин эстелигинен башталды, андан кийин катышуучулар Өкмөт үйүнүн негизги кире беришине барышты.

Эскерте кетсек, "Сапат" түрк лицейлер тармагынын президенти Орхан Инанды 1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон. 31-май күнү кечинде ал өзүнүн Lexus GX470 унаасы менен үйүнөн чыгып кетип, 1-июнь күнү таңкы саат 4төрдө анын жол тандабас унаасы көчөдөн табылган. 5-июлда президент Эрдоган Түркиянын атайын кызматы тарабынан колго түшкөнүн жарыялаган. Көптөгөн коомдук ишмерлер жана саясатчылар Түркия менен Кыргызстандын аракеттерин айыпташты. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Инандынын кайтарылышын талап кылаарын айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2449