Бишкекте эки айдоочу жол талаша кетип, бирөөсү экинчисин тапанчасын чыгарып коркуткан
RU

Бишкекте эки айдоочу жол талаша кетип, бирөөсү экинчисин тапанчасын чыгарып коркуткан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Милициянын кайгуул кызматкерлери курал менен коркутууга шектелген жаранды кармады. Эки айдоочу жол талаша кетип, бири белгисиз үлгүдөгү тапанча менен экинчисин коркуткан. Бул тууралуу кайгуул кызматы билдирди.

2020-жылдын 28-декабрда милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 12:00 чамасында Ч. Айтматов көчөсүндө жолдун ортосунда эки жаран урушуп жаткандыгын көрүшкөн.

Окуя болгон жерге дароо Бишкек ШИИББси боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, окуянын чоо-жайын тактаганда, эки айдоочу жол талаша кетип, бири белгисиз үлгүдөгү тапанча менен экинчисин коркутуп жаткандыгы белгилүү болгон.

Кайгуул кызматкерлери, эки тараптын урушун токтотуп, курал алып жүргөн 1996-жылы туулган К.Б. аттуу жаранды кармашып, Ленин райондук ИИБнин Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Бул факты Ленин райондук ИИБси Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүрүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/246