Канатбек Исаев эмне үчүн президенттин милдетин аткаруудан баш тартканын айтып берди
RU

Канатбек Исаев эмне үчүн президенттин милдетин аткаруудан баш тартканын айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 28-декабрда, КТРК коомдук телеканалында Кыргызстандын президенттигине талапкерлердин теледебаттары өттү.

Алып баруучулар Алмаз Касымалиев жана Светлана Акматалиева көрүүчүлөргө дебаттардын катышуучуларын тааныштырышты: Канатбек Исаев, Клара Сооронкулова, Адахан Мадумаров, Аймен Касенов, Бактыбек Калмаматов жана Каныбек Иманалиев.

Президенттике талапкер Адахан Мадумаров, өзүнүн атаандашы Канатбек Исаевге, эмне үчүн 2020-жылдын 5-6-октябрдагы окуялардан кийин ал Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруудан баш тарткандыгын сурады.

Исаевдин айтымында, ошол учурда ал президенттин милдетин аткарууга даяр болчу, бирок кийин мыйзам боюнча президенттик постко ат салыша албай турганын билип, баш тартууга аргасыз болду.

"Бирок мен айткым келип турат, Садыр Жапаров мыйзамды бузуп, админресурсту колдонуп, облустардагы жана министрликтердеги өзүнүн партиялаштарынын күчү менен президенттик шайлоого аттанып жатат. Эгер ал шайлоодон утуп кетсе, таза шайлоо болгонуна ишенүү мүмкүнбү?", - деди Исаев.

"Сиздин үйүңүзгө келип, өрттөп салабыз, деген коркутуулар айтылды беле?" - деп сурады Мадумаров.

"Мен кудайдан гана корком. Албетте коркутуулар болду. 5-6-октябрдан кийин элдер келип, үйүмду өрттөйбүз дешкен. Бирок ушуга чейин эч ким жоопкерчиликке тартыла элек", - деди Исаев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/247