Никитенко Ташиевге кайрылды: Эч кимдин эркин дем алуу укугубузду тартып алууга акысы жок
RU

Никитенко Ташиевге кайрылды: Эч кимдин эркин дем алуу укугубузду тартып алууга акысы жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Наталья Никитенко Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев берген пресс-конференция боюнча жеке пикирин билдирди.

"Абдан тажрыйбалуу саясатчынын мындай билдирүү жасаган өтө кейиштүү. Элди, жалпы маалымат каражаттарын, блогерлерди жана саясатчыларды коркутуп-үркүтүүгө алуу азыркы заманда жана биздин өлкөдө абсолюттук түрдө майнапсыз аракет. Башкалар көп ирет аракет кылган. Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, анын бир туугандары жана уулдары, Атамбаев менен Жээнбеков бардыгыны эсинде. Бардыгы биздин эсибизде!"

"Эркиндик, анын ичинде сөз эркиндиги, бул биздин элибиздин генетикалык коду - бул биздин пайдубалыбыз. Айрым саясатчылар бизди 30 жылда эч нерсеге жеткен жок деп айтып жатышат. Бирок мен макул эмесмин. Биз көкүрөгүбүз менен кере-кере, эркин дем алып көнгөнбүз. Эч ким, эч кандай вирус, бизден бул укугубузду тартып ала албайт!", - деп депутат социалдык баракчасына жазган.

Эске салсак, бир күн мурун, 8-июлда, Ташиев пресс-конференция берген. Ал Садыр Жапаровду иинтернетте жамандап жаткандардын бардыгы "эске алынып, каттоого тургузулуп жатат" учуру келгенде жоопко тартылат, деп айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2484