1 миллион долларга үйлөр, 500 миң долларга батирлер. Бишкектеги эң кымбат турак жайлар
RU

1 миллион долларга үйлөр, 500 миң долларга батирлер. Бишкектеги эң кымбат турак жайлар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тамаша эмес. Бишкекте, чындыгында, баасы 1 миллион доллардан ашкан үйлөр сатылууда. Бул макалада Kaktus.media редакциясы Кыргызстандын борборунда жайгашкан эң кымбат үйлөрдүн жана батирлердин сүрөттөрүн топтогон.

Үйлөр

№ 1. 1,3 миллион долларга бааланган үй

1,3 миллион долларга же 110 миллион сомго Гареева атындагы Ботаникалык бактын аймагынан кыштан курулган төрт кабаттуу үйдү сатып алсаңыз болот.

Үйдүн аянты 687 чарчы метр, жеринин аянты - 12 сотых.

110 миллион сомго сатып алуучу дизайнердин ремонтуна ("кымбат жана бай" стилде), эмеректерге, тиричилик техникаларына, машыгуу шаймандары менен спорт залына жана эс алуучу бөлмөсү бар саунага ээлик кылат. Үйдүн негизги өзгөчөлүгү: ар бир бөлмөнүн өзүнчө ваннасы бар.

№2. 1,25 миллион долларга бааланган үй

106 миллион сомго, "Киргизия-1" конушунан үч кабаттуу кыштан курулган үй сатып алсаңыз болот.

Үйдүн аянты 900 чарчы метр, жер аянты - 16 сотых.

Особнякта 15ке жакын бөлмө бар. Коноктор бөлмөсүнө камин орнотулган. Китеп сүйүүчүлөр үчүн китепкана, ал эми суу процедураларын сүйгөндөр үчүн - жабык бассейн, фин саунасы. Үйдүн кышкы бакчасы дагы бар.

№ 3. 1,2 миллион долларга бааланган үй

102 миллион сомго Орто-Сай айылындагы кыштан курулган үч деңгээлдүү сарайды сатып алсаңыз болот.

Үйдүн аянты 550 чарчы метр, жер тилкесинин аянты 13 сотыхты түзөт.

Үйгө газ жана борбордук канализация киргизилген. Кышкысын газ менен жылытат. Үй эмеректер менен толук камсыздалган, сигнализация жана коопсуздук көзөмөлү орнотулган. Сайтта саркеч жашоо үчүн бардык нерсе бар: мончо, сауна, бастырма, гараж, веранда жана чарбалык курулуштар, деп жазылган.

№4. 1,1 миллион долларга бааланган үй

Эгер сиз өзгөчөлөнгүңүз келсе, анда 94 миллион сомго Шабдан Баатыр жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишине жакын жердеги ири теремокту сатып алсаңыз болот.

Үйдүн аянты 450 чарчы метр, жер тилкесинин аянты 4,5 сотых.

Үй толугу менен жогорку сапаттагы эмеректер менен камсыздалган. 90-жылдардагы сериалдардын каармандары да үйдүн ичсиндеги жасалгаларга таң калышмак.

№5. 1,1 миллион долларга дагы бир үй

93 миллион сомго, АКШ элчилигинин жанынан төрт деңгээлдүү заңгыраган сарайды сатып алсаңыз болот.

Үйдүн аянты 1700 чарчы метр, жер тилкесинин аянты 12 сотыхты түзөт.

Үйдө фитнес бөлмөсү, кинотеатр, сауна, барбекю аянты жана башкалар бар. Жаңы эмеректер, тиричилик техникасы, аймактын ландшафттык дизайны, жер тилкенин периметри боюнча жарыкорнотулган, коопсуздук - бардыгы кирет.

Батирлер

№1. 520 миң долларга батир

44 миллион сомго Эркиндик/Бөкөнбаев көчолөрүнүн кесилишинде эки кабаттуу пентхаус сатып алсаңыз болот.

Батирдин аянты 600 чарчы метрди түзөт.

Биринчи кабатында ванна бөлмөсү, чоң студия бөлмөсү, ашкана, от жага турган бөлмө жана дааратканасы бар коноктор уктоочу бөлмө бар. Экинчи кабатында дааратканасы жана душтары бар үч уктоочу бөлмө, иш бөлмөсү, кийинүүчү жай жана склад бар.

№2. 480 миң долларга батир

Логвиненко/Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде дагы 41 миллион сомго батирлер сатылууда.

Батирдин аянты 780 чарчы метрди түзөт.

Мындай батирдин панорамалык терезелери бар. Жети балкон жана сегиз ваннасы бар.

№ 3. 450 миң долларга батир

38 миллион сомго Бөкөнбаев/Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан үйдөн эки деңгээлдүү пентхаус сатып алсаңыз болот.

Батирдин аянты 388 чарчы метрди түзөт.

Биринчи кабатында зал, ашкана, конок бөлмөсү, жуунучу бөлмө, уктоочу бөлмө жана терраса жайгашкан. Экинчи кабатта үч уктоочу бөлмө, спортзал жана эки жуунучу бөлмө бар. Эмеректер орнотулуп, үйдүн ичи жаңгак жыгачы менен жасалгаланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2511