Аксыда сел сегиз адамдын өмүрүн алып кетти. Арасында кичинекей бала дагы бар болчу (видео)
RU

Аксыда сел сегиз адамдын өмүрүн алып кетти. Арасында кичинекей бала дагы бар болчу (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагынын жайлоосунда сел сегиз адамдын өмүрүн алып кеткен сел жүрдү. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына райондук администрациядан билдиришти.

Алардын айтымында сел Жолборсту айылында жүргөн. Табигый кырсык көпүрөнү талкалап, жолдорду жууп кеткен. Алты кишинин сөөгү табылды, дагы эки кишини издеп жатышат.

Каза болгондордун арасында 2016-жылы туулган бала дагы бар болчу.

Андан тышкары, кечээ, кечки саат 20:30да катуу жаан жаагандыктан Мал-Калды жайлоосуна бара турган жолду да жууп кеткен. Ал жерде ӨКМдин куткаруучулары иш алып барышууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2554