Москвадагы кыргыздар башка улуттагы мигранттар менен мушташа кетишти (видео)
RU

Москвадагы кыргыздар башка улуттагы мигранттар менен мушташа кетишти (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москвадагы жүздөгөн мигранттар Кузьминки районунан массалык түрдө мушташышкан, аларды социалдык тармактын колдонуучулары видеого тартып алышкан. Бул тууралуу россиялык ЖМКлар жазып чыгышты.

Lenta.ru берген маалыматка ылайык, Зеленодольский көчөсүндө болжол менен 150 киши мушташып, конфликт учурунда жолдун боюнда токтоп турган унаалар да жабыркаган.

"Интерфакстын" билдирүүсү боюнча баш-аламандыкты Өзбекстандын жана Кыргызстандын мигранттары жаратышкан. Бирок социалдык тармакта Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары деп айтылып жүрөт.

Мушташ болжол менен саат 19:00до башталган, андан кийин ар бир тараптан кошумча кишилер келип, эл көбөйгөн. Бир нече адам жаракат алып, аларды тез жардам менен алып кетишти.

Полиция мушташтын бир катар катышуучуларын полиция бөүмүнө жеткирди.

Кийин россиялык ЖМКлар билдиргендей, массалык мушташтын чыгышына Кыргызстандын эки жаранынын бычакталышы себеп болгон деп жазышты. РЕН ТВ телеканалынын билдирүүсүнө ылайык, конфликт 11-июлда чыгып, жабыркаган жигиттердин достору Кузьминкаден кечки саат 19:00 жолугушууну сунушташкан. Бирок, ал учурда эч нерсе болгон эмес. Агрессивдүү мигранттарды башка райондордон эле кармай башташкан.

Түнгө маал Тажикстан менен Кыргызстандын жарандарынын ортосунда 180 киши катышкан массалык мушташ чыгып, 94 киши камакка алынган. Калгандары качып кетишкен. Конфликттин эки катышуучусу госпитализацияланды деген маалымат да айтылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2555