Гипермаркетте аялды жаакка чапкан киши ИИМ башкармалыгынын экс-жетекчиси болуп чыкты
RU

Гипермаркетте аялды жаакка чапкан киши ИИМ башкармалыгынын экс-жетекчиси болуп чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Голбус" гипермаркетинде эркек киши аялды жаакка чапкан. Ал КР ИИМ башкармалыгынын экс-жетекчиси Пальмир Орозбеков экени аныкталды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына укук коргоочу органдарынын кызматкерлери билдиришти.

Эске салсак, Түштүк магистралындагы "Глобус" гипермаркетинде белгисиз эркек киши аялды жаакка чаап жиберген. Ал андан жылып коюсун суранган болчу.

Майда бейбаштыкка шектелген кишиге издөө салынып анын өздүгү аныкталган. Ал Кыргызстандын ИИМинин укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташуу башкармалыгынын жетекчиси Пальмир Орозбеков болуп чыкты.

Анын өзүн мындай алып жүрүүсүнүн себептери такталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2575