Москвада иштеген кыргызстандык чатырды кардан тазалап жатып кулап түшүп каза болду
RU

Москвада иштеген кыргызстандык чатырды кардан тазалап жатып кулап түшүп каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын жараны Москвадан кырсыктап каза болду, деп жазып чыкты "Московский комсомолец" гезити.

Белгилүү болгондой, окуя дүйшөмбү күнү, кечки саат 20.30 болгон. 31 жаштагы кыргызстандык Вражский көчөсүндө жайгашкан үйдүн чатырындагы карды тазалап жатып, кулап түшкөн. Алган жаракаттарынан ошол жерден эле каза болду.

Москва шаарындагы Кыргызстандын элчилиги, Хамовники районунун полиция бөлүмү аталган фактыны тастыктаганын билдирди.

Окуяны ар тараптуу иликтөөнүн жүргүзүлүшүн өтүнүп, элчилик полициянын тергөө бөлүмүнө кайрылуу жөнөттү. Андан тышкары эмгек инспекциясына эмгек мыйзамынын нормаларынын сакталышын текшерүү үчүн кайрылуу да жөнөтүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/258