"Ысык-Көл" аэропорту Москвадан алгачкы каттамды "триумф суу аркасын" жасап тосуп алды
RU

"Ысык-Көл" аэропорту Москвадан алгачкы каттамды "триумф суу аркасын" жасап тосуп алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ысык-Көл" эл аралык аэропорту бүгүн, 2021-жылдын 15-июлунда "Аэрофлот" авиакомпаниясынын Москва-Тамчы-Москва жаңы каттамын салтанаттуу түрдө тосуп алды. Москвадан Д.Лихачев атындагы Airbus A320 учагы менен 79 жүргүнчү учуп келишти. Мындай маалыматты "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы жиберди.

Адаттагыдай учакты "триумф аркасы" – суу аркасы менен тосуп алышты.

"Аэрофлот – россиялык аба жолдору" ААК өкүлү Валерий Серых: "Биз бул Москва-Тамчы-Москва маршруттук каттамын 3 жыл мурда ачууну пландаганбыз. Бүгүн ал ишке ашканына кубанычтабыз. Каттам жумасына 3 ирет - дүйшөмбү, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат",-деди.

"Ысык-Көл" аэропортунун башчысы Алмаз Абдрахманов бул каттамдын компания жана Ысык-Көл областынын жергиликтүү тургундары менен коноктору үчүн маанилүүлүгүн белгиледи.

"Москва-Тамчы-Москва каттамдын ачылуусу тууралуу көптөн бери сүйлөшүүлөр жүрүп келген. Эки тараптын бирдиктүү аракети жана макулдашуусу менен ушул жылдын июль айына белгиленген", – деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2597