Кыргызстанда "Көл Фест" өтүп, ага ар башка өлкөлөрдүн музыканттары келип катышат
RU

Кыргызстанда "Көл Фест" өтүп, ага ар башка өлкөлөрдүн музыканттары келип катышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

23-июлдан тартып 25-июлга чейин Ысык-Көлдө "Көл Фест" заманбап музыка жана искусство фестивалы өтөт. Ага Борбордук Азиянын жана башка өлкөлөрдүн музыка сүйүүчүлөрү, саякатчылар жана заманбап искусствону баалагандар чогулушат.

Алгачкы жолу фестиваль 2019-жылы июнь айында өткөн болчу. Ага дүйнө жүзүнөн келген 600 музыка сүүйүүчүлөр катышкан. Үч күн бою Ысык-Көлдүн жээгине келип, жергиликтүу жана чет элдик музыканы угуп, рахат алып кетишкен.

Быйыл 40 аткаруучу жана музыкалык группалардын келүүсу күтүлүүдө. Алар атайын орнотулган үч сахнада чыгармаларын тартуулашат.

Иш чара өтө турган жер боз үйлөр менен курчалган.

Программа боюнча ди-джейлер, музыкалык топтордун номерлери, йога менен машыгуу, бий, атактуу сүрөтчүлөрдүн жана фотографтардын мастер класстары, ден соолук боюнча семинарлар өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2598