Садыр Жапаровдун соттогон Жогорку соттун судьсы отставкага кетти. ЖК бул чечимди колдоду
RU

Садыр Жапаровдун соттогон Жогорку соттун судьсы отставкага кетти. ЖК бул чечимди колдоду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 15-июлда, Жогорку Кеңештин депутаттары Жогорку соттун судьясы Жаңыл Мамбеталынын (Мамбеталиева) отставкасын колдошту.

Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болгондой, ал өз каалоосу менен кызматынан кетти.

Белгилей кетсек, Жаңыл Мамбеталы Бишкек шаардык соттун судьясы болуп иштеп келген. Садыр Жапаров 2013-жылы баш аламандыктарды уюштурду деп айыпталып, 2017-жылдын 25-мартында кыргыз-казак чек арасында камакка алынган болчу.

Андан кийин Биринчи май райондук соту Жапаровду "барымтага алуу" беренеси боюнча айыптап, 11 жыл 6 ай мөөнөтүнө эркинен ажыраткан. Мамбеталынын төрагалыгы алдында болгон Бишкектин шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2600