Селден каза болгондордун үй бүлөлөрүнө президенттин атынан материалдык жардам көрсөтүлдү
RU

Селден каза болгондордун үй бүлөлөрүнө президенттин атынан материалдык жардам көрсөтүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Селден каза болгондордун үй бүлөлөрүнө президенттин атынан материалдык жардам көрсөтүлдү. Мындай маалыматты өкмөттүн аппратынын маалыматтык саясат бөлүму таратты.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жүргөн селге байланыштуу өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштери Кыргыз Республикасынын Президентинин жеке көзөмөлүндө. Каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө тийиштүү жардам көрсөтүлөт. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Президенттин атынан 6 адам каза болгон үй-бүлөгө 1 миллион сом, ал эми үй-бүлө мүчөсү курман болгон эки үй-бүлөнүн ар бирине 100 миң сомдон берди.

Министрлер Кабинетинин башчысынын Резервдик фондунан 6 адам каза болгон үй-бүлөгө 300 миң сом, үй-бүлө мүчөлөрү курман болгон эки үй-бүлөнүн ар бирине 50 миң сомдон бөлүндү.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жаңы-Жол айылында дайынсыз жоголгон 5 жашар баланы издөө иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2616