30 жаштагы Кайрат Ногойбаев Ысык-Көлгө кетип, дайынсыз жоголду (сүрөт)
RU

30 жаштагы Кайрат Ногойбаев Ысык-Көлгө кетип, дайынсыз жоголду (сүрөт)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын 30 жаштагы тургуну Кайрат Ногойбаев Ысык-Көлгө кетип, дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу Kaktus.media агенттигине Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Белгиленгендей, 2021-жылдын 10-июлунда Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына бир аял күйөөсү 1990-жылы туулган Ногойбаев Кайрат Асылбековичти табууга жардам сурап арыз менен кайрылган.

Арыз ээсинин айтымында, 7-июль күнү саат 15:00 чамасында күйөөсү дүкөнгө баратып Жумабек көчөсүнөн жоголуп кеткен, ошол эле күнү аны борбордун Батыш автобекетинен анча алыс эмес жерден көргөндөр болгон.

Бул факт Биринчи Май РИИБде катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Ногойбаевди Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы дагы издеп жатканы белгилүү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2624