Табышыңыз! Үйдөн ойноп кетип, беш жашар бала кайтып келген эмес
RU

Табышыңыз! Үйдөн ойноп кетип, беш жашар бала кайтып келген эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

13-июлда 2016-жылы туулган Нурислам Мусаев "Кырман" конушундагы үйүнөн ойногону чыгып, дайынсыз жоголгонун Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилери: бою болжол менен 120 см, арыкчырай, көзү күрөң, чачы кыска күрөң, кулагы делдейип турат.

Анын үстүндө ак түстөгү кызыл түстөгү футболка, шахматтын сүрөтү түшүрүлгөн боз түстөгү шорта, башына боз кепка кийген.

Нурисламдын жүргөн жери жөнүндө маалыматы барлардан 0312 36 35 27, 0999 21 07 09, 0709 21 18 08, 0550 34 33 63, 102 телефондору аркылуу байланышууну өтүнөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2628