Бишкек-Ош унаа жолунда коркунучтуу кырсык болду. Бир аял жан берип, тогуз адам жараат алды
RU

Бишкек-Ош унаа жолунда коркунучтуу кырсык болду. Бир аял жан берип, тогуз адам жараат алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 16-июлда саат 20:44 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында, Токтогул районунда Хонда Одиссей жана УАЗ унаалары кагышкан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Натыйжада бир аял (аты-жөнү такталууда) каза болуп, тогуз адам ар кандай жаракаттарды алышкан.

Окуя болгон жерде №97 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн үч куткаруучусу иштеп жатат. Алар маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабырлануучулар тез жардам кызматы менен райондук ооруканага жеткирилген.

Учурда жабырлануучулардын абалы орто деп эсептелет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2644