Сүлүктүнүн мэрине таандык жүк ташуучу машине контрабандалык көмүр алып баратып оодарылды
RU

Сүлүктүнүн мэрине таандык жүк ташуучу машине контрабандалык көмүр алып баратып оодарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маалыматты редакциянын call-борборуна окурман жөнөткөн.

"Бир күн мурун контрабандалык көмүр ташып бараткан жүк ташуучу машине кыргыз-тажик чек арасындагы посттон алыс эмес жерден коңторулуп кетти. Бул фирма Тажикстанга көмүр ташыйт", - деп жергиликтүү тургундар айтып беришти.

Лейлек районунун акими Алмаз Рахманкуловдун Kaktus.Media'га берген маалыматына ылайык, авария чек-арага чектеш жерде болду. Болжолдуу маалыматтар боюнча, жүк ташуучу машине коңшу өлкөгө көмүр чыгарып бараткан.

"Унаа Коргончо деген жерден коңторулган. Учурда райондук ИИБ кылмыш ишин козгоду. Көмүр иштеткен фирма мурда Сүлүктү шаарынын мэрине таандык болчу. Бирок ал фирманы уулуна өткөрүп берген. Бул контрабанданын алгачкы жолу байкалышы", - деп Рахманкулов белгиледи.

Сүлүктү шаарынын мэри Абдусамат Халбеков кечээки күнгө чейин контрабана тууралуу билбегенин Kaktus.Media'га билдирди.

"Шаардын мэри болуп дайындалаарым менен фирманы уулума өткөрүп бергем, ал жакта иштер эмне болуп жатканын билген эмесмин. Кечээ, жакында эле уктум. Мага балдар айткандай, машиненин айдап бараткан шопур балдар унааны биздин фирмадан ижарага алышкан экен. Биз бардыгын сураштырып, тактайбыз. Ал эми көмүрдү аз камсыздууларга таратабыз", - деп Халбеков убада берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2651