Психикалык жактан өнөкөт оорусу бар эркек киши изделүүдө. Үйдөн чыгып кеткен бойдон жок
RU

Психикалык жактан өнөкөт оорусу бар эркек киши изделүүдө. Үйдөн чыгып кеткен бойдон жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жакын туугандарыТемирбек Шермамат уулун издеп жатышат. Ал үйдөн чыгып кеткен бойдон жок. Кырдаалды татаалдатканы анын психикалык өнөкөт оорусу бар. Темирбек шизфрения илдетинен жабыркайт.

Ал 15-июлда үйдөн чыгып кеткен бойдон келе элек.

Үстүнө кочкул кызыл түстөгү футболкасын, кара шымын, көк шлепкасын кийип кеткен.

Бою: 185 см, арык-чырай. Сырттан караганда ичип алган кишидей өңдөнөт.

Аны көргөндөр же кайсы жерде жүргөнүн билгендер болсо төмөнкү телефондор аркылуу байланышууну өтүнөбүз: 0558 95 33 79 (Темирбектин атасы), 0999 10 41 91 (Темирбектин эжеси).

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2652