Садыр Жапаров суу каптаган Германия элине көңүл айтты. Каза болгондордун саны 130га жетти
RU

Садыр Жапаров суу каптаган Германия элине көңүл айтты. Каза болгондордун саны 130га жетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Германиядагы суу каптоонун кесепетинен каза болгондорго байланыштуу немис канцлери Ангела Меркелге жана президент Франк-Вальтер Штайнмайерге көңүл айтты.

"Бул кырсыкта каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөм. Жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм", - деп айтылат аларга жолдонгон катта.

Германиянын батышындагы суу ташкындан каза болгондор 130 адамдан ашты.

Европанын батышындагы бир нече мамлекетте эки-үч күн катары менен тынбай жааган жамгырдан улам дарыялар нугунан ашып, калктуу конуштарды каптады. Жолдор бузулуп, айрым аймактарга каттамдар токтоду. Интернет жана мобилдик байланыш үзүлгөн.

Суу ташкындан негизинен Германия, Бельгия, Нидерланддар жана Люксембург жабыркады. Суу Швейцария, Австрия жана Чехиянын айрым бөлүктөрүнө чейин жетти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2653