Ысык-Көл облусунун 12 студенти "Кумтөр" ишканасынын колдоосу менен IT академиясын аякташты
RU

Ысык-Көл облусунун 12 студенти "Кумтөр" ишканасынын колдоосу менен IT академиясын аякташты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Караколдогу IT Академияда тогуз айлык окууну ийгиликтүү аяктаган 12 студентке сертификат тапшыруу салтанаттуу аземи 2021-жылдын 16-июлунда Бишкек шаарында өттү. Алардын баары Front-End кенже иштеп чыгуучусу кесибине ээ болушту.

"Steps to Success" коомдук бирикмесинин директору Салтанат Еркимбаева Ысык-Көл облусунун жаштарын программалоого окутуу долбооруна колдоо көрсөткөнү үчүн "Кумтөр" компаниясына ыраазычылык билдирди.

2020-жылы "Кумтөр Голд Компани" ЖАКы Каракол шаарындагы IT Академиясынын ("Steps to Success" Коомдук бирикмесинин)" Програмалоо боюнча адистерди даярдоо (Front-End+PHP)" долбоорун ишке ашырууну колдогон. Долбоор элет айылдарындагы жаштардын жашоо шарттарын жакшыртууга, санариптик сабаттуулугун жогорулатууга жана IT-технологияларды өздөштүрүү процесстерин ишке киргизүүгө багытталган.

Долбоордун алкагында, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон, Тамга, Тосор жана Саруу айылдарынан 9- жана 11-класстардын окуучулары тандалып алынган жана алар Каракол шаарындагы IT Академияда бекер билим алышты.

Ал эми, бүтүрүүчүлөр жыл ичинде муктаждыкты баалап, анын негизинде Барскоон, Тамга, Тосор жана Саруу айыл өкмөттөрү (электрондук кабыл алуу, жергиликтүү кеңештин документтерин электрондук макулдашуу системасы) жана мектептер үчүн (электрондук күндөлүк, мугалимдер үчүн онлайн сабак өтүү мейкиндиктери) интернет- сайттарды иштеп чыгышат жана конок үйлөр үчүн booking.com сайтында алгачкы профилдерин түзүп беришет. Бардык иштелип чыккан программалардын алуучулары тиешелүү окуудан өтүшөт.

Ошентип, жаштардан тышкары, долбоор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, жергиликтүү ишкерлерди жана жергиликтүү мектептерди колдоого багытталган.

КГК өз ишинде ачыктык жана айкындуулук философиясын сактап келет. КГКнын ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына гана баш ийет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2674