ЭЭУ: Социалдык колдоо көрсөтүп, жумуш орундарын камсыз кылмайынча экономика көтөрүлбөйт
RU

ЭЭУ: Социалдык колдоо көрсөтүп, жумуш орундарын камсыз кылмайынча экономика көтөрүлбөйт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму индиялык "дельта" штаммы тарабынан козголгон таажывирус пандемиясынын дүйнөдөгү үчүнчү толкуну башталганын жарыялады. Аларда болгон бардык тобокелдиктерге карабастан, учурдагы кырдаалдын бирден-бир жана негизги айырмачылыгы - COVID-19га каршы вакциналардын болушу. Массалык эмдөөлөрдү жүргүзүү бизди коргоого жана дүйнөдөгү кырдаалды, анын ичинде эмгек рыногун калыбына келтирүүгө, массалык локдаунду (жалпы чектөөлөрдү) киргизбөөгө жана жумуш орундарын жаңыдан кыскартууга жол бербөөгө үмүттөнүү мүмкүндүгүн берет.

Учурдагы жагдайлардын фонунда Эл аралык эмгек уюму COVID-19 пандемиясына тиешелүү Эл аралык эмгек ченемдеринин негизги жоболоруна жана андан кийин калыбына келүүгө байланыштуу көбүрөөк берилүүчү суроолор, ошондой эле Эксперттер комитетинин конвенцияларды жана сунуштоолордду колдонуу тууралуу сунуштары боюнча өзүнүн жарыялоолорун жаңылап чыкты.

Главалардын бири жумуштуулукту колдоо жана социалдык коргоо чаралары каатчылыктын таасирин жумшартууга жана калыбына келтирүүнү камсыз кылууга кандайча жардам бере аларына тиешелүү.

Жарыялоонун бул бөлүгүн төмөндө келтиребиз, анткени ал Кыргызстанга дагы социалдык коргоо чараларын көрүү, каатчылыктын кесепеттерин жумшартуу жана эмгек рыногун калыбына келтирүүнү камсыз кылуу үчүн актуалдуу:

COVID-19 пандемиясы улуттук саламаттык сактоо тутумдары үчүн дүйнөнүн бардык аймактарында медициналык тейлөөгө муктаждыктын кескин өсүп кеткендигине байланыштуу өтө оор сыноо болду. Көп өлкөлөрдө кабыл алынган пандемиянын жайылышын алдын алуу, анын ичинде карантин жана өзүн-өзү изоляциялоо боюнча кечиктирилгис чаралар экономикалык иш-аракеттин болуп көрбөгөндөй төмөндөшүнө жана жумуш убактысынын кыскаруусуна алып келди, бул кирешелерге, жумуштуулукка жана байгерчиликке олуттуу таасирин тийгизди.

Бул факторлор жумушсуздуктун жана жарым-жартылай жумушсуздуктун олуттуу өсүшүнө алып келди.

Тынчтыкты жана каршы күрөшүү дараметин камсыз кылуу максатында жумуштуулук жана татыктуу эмгек жөнүндө 2017-жылдагы сунуштоодо (№ 205) социалдык коргоонунун жана жумуштуулукту камсыз кылуунун жана колдоонун, анын ичинде жергиликтүү деңгээлде экономиканы чыңалтуунун кечиктирилгис чаралары кабыл алынгандан тартып калыбына келтирүү үчүн этап-этабы менен ар тараптуу мамилени пайдалануу чакырыгы камтылат.

Бул сунуштоо, атап айтканда Эл аралык эмгек уюмунун мүчө мамлекеттерин 1964-жылдагы Жумуштуулук жаатындагы саясат жөнүндө конвенцияда (№122) бекитилген толук, үзүрлүү жана эркин тандалган жумуштуулук принцибин колдонууга чакырат, ошол эле учурда негизги кирешени, айрыкча жумушу же бакубатчылыгы каатчылыктын кесепетинен улам жапа чеккен адамдар үчүн коргоону, ошондой эле өзгөчө каатчылыктын натыйжасында аялуу болуп калган калктын топторун жана адамдардын зарыл медициналык жардамга жана башка негизги социалдык кызмат көрсөтүүлөргө натыйжалуу жетүүсүн камсыз кылууга үндөйт.

Эл аралык эмгек уюму жумуштуулукту колдоо жана көмөктөшүү чаралары жумушчуларга жана иш берүүчүлөргө каатчылыкты жеңүүгө жардам берип, ар кайсы өлкөлөрдүн экономикасынын жашоо жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу менен улуттук деңгээлде чечүүчү ролду ойной тургандыгын белгилейт. Мындан ары толук, үзүрлүү жана эркин тандалган жумуштуулукка көмөктөшүү өзүнө экономиканы турукташтырууну жана жумуштулук көйгөйлөрүн чечүү үчүн атайын чараларды, анын ичинде салыктык жана акчалай кызыктырууларды, ошондой эле иштиктүү жигердүүлүктүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылууну камтууга тийиш.

Ушуга байланыштуу колдоочу бизнес чөйрөсүн түзүү, бизнестин каршы күрөшүү дараметин жогорулатуу, өндүрүмдүүлүктү жана экологиялык туруктуулукту өстүрүү жолу менен ишканалардын, анын ичинде чакан жана орто бизнестин туруктуулугуна көмөк көрсөтүү кадрларды сактап калууга жана алар үчүн кирешени камсыз кылууга жардам берүүдө өзгөчө мааниге ээ.

Социалдык коргоо дагы COVID-19га байланыштуу каатчылыкка реакция кылуунун негизин түзүүчү компоненти жана анын экономикалык жана социалдык таасирин жумшартуунун маанилүү каражаты болуп саналат. Адамдар пандемиядан кийин өзүнө келе баштаган мезгилде экономикада жана эмгек рыногунда болуп жаткан өзгөрүүлөргө көнүү зарылчылыгына кабылышы мүмкүн. Бул шарттарда узак мөөнөттүү туруктуу өсүшкө багытталган саясий чараларга, алардын ичинен социалдык камсыздоо жана социалдык коргоо тутумдарын чыңдоого артыкчылык берилиши керек: социалдык камсыздоо тутумдары автоматтык түрдө турукташтыруу факторлоруна айланып, каатчылык мезгилинде жыйынды суроо-талапты өбөлгөлөөгө жана андан кийин кыйла туруктуу экономикага өтүүнү колдоого жардам берет.

ЭЭУ өлкөнүн деңгээлинде көрүлүүчү чаралар мүмкүн болушунча төмөнкүлөрдү камтууга тийиш деп эсептейт:

  • сапаттуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүнүн кепилдиктерин; акчалай төлөмдөрдүн жардамы аркылуу кирешелерди коргоону;
  • жардам алуу шарттарын, милдеттенмелерди жана аны көрсөтүү механизмдерин ылайыкташтырууну; формалдуу эмес иштеген жумушчуларды коргоону;
  • жумушсуздуктан коргоо программалары жана ишканаларга кадрларды сактап калууга жана жумушсуз калган же пандемиянын айынан кирешелери төмөндөгөн адамдарга колдоо көрсөтүүгө жардам берүүнүн башка механизмдери аркылуу кирешелерди жана жумуштуулукту коргоону, ошондой эле жумуштуулуктун мамлекеттик программаларын пандемия шарттарына ылайыкташтырууну.

Уюм ошондой эле пандемиянын кесепеттерин узак мөөнөттүү келечекте жоюу үчүн коргоо масштабдарын жана көрүлүүчү чаралардын мөөнөттөрүн кеңейтүү же түзөтүү, ошондой эле бардык муктаж болгондорго, өзгөчө калктын абдан аялуу катмарына социалдык коргоону күчөтүү талап кылынган учурда, коомдун каатчылыктын кесепеттерине туруштук берүү жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн кошумча чараларды киргизүү зарыл деп белгилейт.

Ошентип, жалпы мүнөздөгү чаралар жана атайын чаралар COVID-19га реакция кылуунун жана калыбына келтирүүнүн ачкычы болуп саналат. Мындай мамиле оор кырдаалга кабылган топтор үчүн атайын чараларды камтыйт, ошондой эле каатчылыкка байланыштуу кабыл алынуучу жалпы чаралардын бул топторго жайылтылышын, анын ичинде каржылык колдоого, жардамга, жөлөкпулдарга жана кызмат көрсөтүүлөргө жетүүнү камсыз кылат.

Саламаттыкты сактоо чөйрөсүнүн эксперттери COVID-19 пандемиясы дагы бир жылга жакын созуларын болжолдошууда, бул дүйнөлүк экономиканын өнүгүшү күтүлгөндөй тез жүрбөшү мүмкүн экендигин, бирок массалык эмдөөлөр жана алдын алуу чараларын сактоо аны тездетүү мүмкүнчүлүгүн берет дегенди билдирет. Демек, Эл аралык эмгек уюмунун сунуштоолору кырдаал толук калыбына келтирилгенге чейин актуалдуулугун жоготпойт жана бардык өлкөлөр, анын ичинде Кыргызстан үчүн бирдей даражадагы мааниге ээ болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2678