"Бета Сторес-2нин" жанынан ок атышуу болду. Болжол менен иш Орхан Инандыга байланыштуу
RU

"Бета Сторес-2нин" жанынан ок атышуу болду. Болжол менен иш Орхан Инандыга байланыштуу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Болжолдуу маалыматтар боюнча, Орхан Инандынын ишенимдүү адамы аны алдоого аракет кылган бишкектин тургунуна ок аткан. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына куч структураларынын кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, кечээ, 21-июлда, болжол менен саат 14:00до Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан "Бета Сторес-2" имаратынан Орхан Инандынын ишенимдүү адамы жана белгисиз эркек киши жолугушкан имиш.

"Эркек киши Орхан Инанды менен телефон сүйлөшүүнү уюштуруп берем деп убадалап, Инандынын үй-бүлөсүнөн акча алууну үмүттөнгөн. Ал Түркиядагы белгисиз бирөөгө телефон чалып, телефондогу киши өзүн Инандымын деп атаган. Бирок ал такыр башка киши экени түшүнүктүү болчу. Ошого байланыштуу эркек кишилердин ортосунда пикир келишпестик чыгып, Инандынын кишиси оппонентине ок аткан", - деп маалымат булагы айтып берди.

Жабыркаган киши госпитализацияланды. Бул иш Бишкектин Октябрь РИИБсине катталды.

Эскерте кетсек, "Сапат" түрк лицейлер тармагынын президенти Орхан Инанды 1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон. 5-июлда президент Эрдоган Түркиянын атайын кызматы тарабынан колго түшкөнүн жарыялаган. Көптөгөн коомдук ишмерлер жана саясатчылар Түркия менен Кыргызстандын аракеттерин айыпташты. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Инанданын кайтарылышын талап кылаарын айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2684