Ырасталды: Садыр Жапаров менен сүрөткө түшкөн жылаңач адам шайлоодо анын демөөрчүсү болгон
RU

Ырасталды: Садыр Жапаров менен сүрөткө түшкөн жылаңач адам шайлоодо анын демөөрчүсү болгон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бир нече күн мурун президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көлдүн жээгинде эс алуучулар менен түшкөн сүрөтү социалдык тармактарда пайда болгон. Сүрөттөн жарым жылаңач эркек киши жана баласын көтөрүп түшкөн аялды көрсөк болот. Көпчүлүк колдонуучулар президентти эл менен эс алган жөнөкөй саясатчы катары мүнөздөгөн комментарийлерди калтырышты. Эркектин сүрөтү популярдуу мемге айланды. Factcheck.kg анын ким экендигин аныктады.

19-июлда мамлекет башчы Ысык-Көл облусуна барып, Чолпон-Ата шаарынын жээгинде жүргөндөр менен фотосессия өткөрдү.

Популярдуу сүрөт

Factcheck.kg сүрөттө президенттин жанында ким экендигин текшерди. Фейсбук социалдык тармагындагы топтордун биринде сүрөткө түшкөн киши Нурбек Калмурзаев деген маалымат пайда болду. Колдонуучу ошондой эле ал Садыр Жапаровдун шайлоо жарышын каржылагандыгын билдирген.

Нурбек Калмурзаев деген ким?

Калмурзаев Нурбек Жолборсбекович, Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 2021-жылдын январында өткөн президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун шайлоо фондуна ыктыярдуу кайрымдуулук кылгандардын бири. Ал эң чоң сумманы - 6,6 миллион сомду кошкон.

Калмурзаев ишкердик менен алектенип, Кара-Суу районунун аймагында, Ош шаарына кире бериште жайгашкан "Баястан" ресторанынын ээси.

Kaktus.media маалымдагандай, 2020-жылдын июль айында ресторандын ээсине Кылмыш кодексинин "Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Андан кийин Ички иштер башкармалыгы ресторандын ээлерине майрамдык салтанаттарды өткөрүүгө тыюу салуу жөнүндө үч жолу эскертүү берилгендигин, аларга айып пул салынгандыгын баса белгилеген. Бирок, алар өз иштерин улантышты.

Калмурзаевдин профилин текшерели

Нурбек Калмурзаевдин профилинде, башкы сүрөттө, Жапаровду колдогон кадрды көрө аласыз.

Ошондой эле президенттин жанында баласы менен сүрөткө түшкөн келин Назиза Тениева Нурбек Калмурзаевдин жубайы экендигин билдик.

Ошентип, президент менен сүрөткө түшкөндөр Нурбек Калмурзаев жана анын жубайы деген маалымат тастыкталды.

Тыянак: Президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көлдө эс алып жүргөндөгү сүрөттө Нурбек Калмурзаев жубайы менен болчу. Президенттик жарыш учурунда Калмурзаев Жапаров шайлоо фондуна эң көп сумманы - 6,6 миллион сом которгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2690