Садыр байке, сүрөткө түшсөк болобу? Президент артынан чуркаган эжеге жок дей алган жок
RU

Садыр байке, сүрөткө түшсөк болобу? Президент артынан чуркаган эжеге жок дей алган жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 23-июлда, президент Садыр Жапаров эмделип жаткан учурда кызык окуя болду.

Садыр Жапаров "Бишкек парк" соода борборундагы мобилдик пунктка келип вакцинациядан өттү. Бул процесске өз иштери менен келген жарандар да күбө болушту.

Алардын арасынан бир аял президент менен сүрөткө түшүүнү суранды (Ысык-Көлдө президент менен сүрөткө түшүп, бир паста бүт өлкөгө таанымал болуп калган Нурбек Калмурзаевдин ийгилигин кайталайын деген окшойт). Бирок, ал аялдын колунда телефону жок экен.

Ал дароо телефонун алып кеткени чуркап кетти. Садыр Жапаров аны "честно" күттү. Бир аздан кийин кете берейин деди.

Бирок сүрөткө түшө турган эже, президенттин охранасын түрткүлөп барып, акыры курбусу экөө өлкө башчысын колтуктап кармап сүрөткө түшүштү.

Калгандары да суранды эле, бирок Жапаров кетип калды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2709