Кара-Балтага кеткен жол качан оңдолот? Транспорт министрлиги мөөнөттү жарыялады
RU

Кара-Балтага кеткен жол качан оңдолот? Транспорт министрлиги мөөнөттү жарыялады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек-Кара-Балта жолун реконструкциялоо аяктагандан кийин, бүткүл каттам боюнча видео байкоочу камералар орнотулат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлиги билдирди.

Камералар кайсы аймактарга орнотууларын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте чечишет.

Министрликте белгиленгендей, Кара-Балта шаарынан Азамат унаа базарына чейинки жолдун негизги бөлүгү (24-30 км) ушул жылдын ноябрь айында бүтөт.

Базардан Бишкекке чейинки Киркомстром участкасындагы жолдун калган бөлүгү (8,5-9,02 км) 2021-жылдын октябрь айында пайдаланууга берилет.

Белгилей кетсек, Бишкек-Кара-Балта жолун реконструкциялоо иштери 2017-жылдан бери жүрүп, жолдун узундугу 52,1 чакырымга жетет. Реконструкциялоонун донору Азия Өнүктүрүү Банкы, консультанты түркиялык Temelsu International Engineering компаниясы, ал эми ортомчу аткаруучусу кытайлык China Railway №5 компаниясы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2716