"Жалпы иш" коомдук фонду шайлоого даярдык көрүүдө 30га чукул мыйзам бузуу болгонун айтты
RU

"Жалпы иш" коомдук фонду шайлоого даярдык көрүүдө 30га чукул мыйзам бузуу болгонун айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Жалпы иш" коомдук фондунун узак мөөнөттүү байкоочулары 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү алкагында 2020-жылдын 21-декабрынан 28-декабрына чейин мыйзамдарды бузуунун 27 учурун каттады. Мындай маалымат редакцияга келген пресс-релизде жазылган.

Табылган бузуулардын ичинде административдик ресурсту пайдаланган 15 далил, шайлоочуларды сатып алууда 7 далил жана коркутуу жана зомбулук көрсөтүү боюнча 5 учур катталды. 27 далилдин ичинен 12си мүмкүн болгон бузуулардын белгиленген далилдерин текшерүү үчүн Ыкчам чара көрүүчү координациялык топко (ЫЧКТ) жиберилди.

Байкоочулар берген маалыматтарга ылайык, ЫЧКТга жиберилген алты учурдун төртөө президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун пайдасына тиешелүү. Эки учур: Ош облусунун Карасуу районунун Дыйкан-Кыштак айылында жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кызыл-Октябрь айылында бийликтин жергиликтүү органдарынын өкүлдөрүнүн мыйзамсыз үгүт ишин жүргүзүүдөн сырткары, жергиликтүү калкка Жапаровго добуш бергендиги үчүн сый акы беребиз деп убада кылышкан, мында жарандардан паспортторунун көчүрмөсүн талап кылышкан. Бул болсо шайлоо мыйзамдарын олуттуу бузгандык болуп саналат.

Мүмкүн болуучу добуш сатып алуунун бир учуру бир талапкерге тиешелүү: Ош облусунун Араван районунда финансылык уюмдун насыя берген эксперттери шайлоочулар арасында белгилүү талапкерге добуш беришсе, алар насыя алган компания үч айдын ичинде алардын насыялары үчүн үстөк пайызды жоёт деген маалыматты таратып жүрүшөт.

"Жалпы иш" коомдук фондунун байкоочулары тарабынан белгиленип алынган жана ЫЧКТга берилген административдик ресурсту пайдалануу учурлары талапкер Садыр Жапаровдун да пайдасына тиешелүү (5 тин ичинен 4ү) , ошону менен бирге социалдык тарамдарды пайдалануу менен аткарылган далилдер жазылып алынды: Фейсбук колдонуучунун социалдык баракчасында С.Жапаров менен болгон жолугушуу тууралуу маалымат жарыяланган. Мында бул колдонуучу КР Финансы министрлигинин Кочкор райондук башкармалыгынын кызматкери болуп саналат. Бир учур талапкер Курсан Асановдун аракеттерине тиешелүү: Араван районунда мамлекет башчысынын кызмат ордуна талапкер үгүттөөчүлөр катары ИИБдин кызматкерлерин тарткан.

21-декабрдан 28-декабрга чейинки мөөнөттө коркутуунун беш учуру катталган, алардын бири аны текшерүү жана ал тастыкталса чара көрүү үчүн ЫЧКТга өткөрүлүп берилген. Ош облусунун Араван районунун ошол эле финансылык уюмунун филиалында анын башчысы тарабынан филиалдын кызматкерлерине талапкер Б.Тольбаевге добуш берүү үчүн кысым жүргүзүлүп жатышы мүмкүн. Баш тарткан учурда кызматкерлерди иштен бошотобуз деп коркутуп жатышат.

"Жалпы иш" коомдук фондунун узак мөөнөттүү 58 байкоочусу Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында шайлоо алдындагы мөөнөткө мониторинг жүргүзүп жатышат, алар президенттикке талапкерлер жана алардын штабдары, шайлоочулар, участоктук комиссиялар менен жолугушууларды улантып, социалдык тарамдардан маалымат чогултуп жатышат. Ар жумалык негиздеги байкоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү отчеттор фондко келип түшүүдө, өтө резонанс жараткан аракеттер тууралуу маалыматтар чара көрүү үчүн тиешелүү түзүмдөргө жиберилип жатат" - деп билдирди "Жалпы иш" коомдук фондунун башкармалыгынын төрайымы Аида Суйундуева.

Шайлоо алдындагы мезгилге байкоо жүргүзүүнүн натыйжалары отчетто чагылдырылат жана 2021-жылдын 5-январында жарыяланат. Бул отчеттун максаты – коомго шайлоо алдындагы мезгил жөнүндө объективдүү, өз маалындагы жана калыс маалымат берүү.

Шайлоолорго мониторинг "Жалпы иш" коомдук фонду тарабынан ишке ашырылуучу, "2021-жылдын 10-январындагы Кыргыз Республикасында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого көз карандысыз байкоо жүргүзүү" долбоорунун алкагында жүзөгө ашырылат.

Фонд тууралуу толук маалымат www.commoncause.kg сайтында.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/271