Күндүн сүрөтү: Мик Джаггер өз туулган күнүндо боз үйдүн жанына түшкөн сүрөтүн чыгарган
RU

Күндүн сүрөтү: Мик Джаггер өз туулган күнүндо боз үйдүн жанына түшкөн сүрөтүн чыгарган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

The Rolling Stones группасынын лидери Мик Джаггер өзүнүн туулган күнүндө боз үйдүн жанына сүрөткө түшкөн. Фотосүрөттү өзүнүн Twitter'деги баракчасына чыгарган.

Социалдык тармактагы сүрөтүн "Туулган күнүмдө айткан каалоо-тилектериңерге чоң рахмат", - деген сөздөр менен коштогон.

Ырчы Джаггер 78 жашка чыкты.

Сүрөттүн алдындагы комментарийлерге дүйнө жүзүнүн ар кайсы бурчунда турган күйөрмандары куттуктоо сөздөрүн калтырышкан.

Nur.kz сайты берген маалымат боюнча, 2013-жылы Rolling Stones тобунун вокалисти Гластонбери шаарында өткөн фестиваль учурунда боз үйдө жашаган. Музыкант 5 жылдыздуу отелдеги комфортту номерге тете турак жайды тандап алган. Ошол кезде боз үйдүн ижарасы ага $4,5 миңге айланган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2763