ИИМ: Өлкөдө жаңы жылдык түнү 18 жол кырсыгы катталып, бир адам каза тапты
RU

ИИМ: Өлкөдө жаңы жылдык түнү 18 жол кырсыгы катталып, бир адам каза тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөнүн аймагында коомдук коопсуздукту 13 миңден ашык милиционерлер камсыздашты, деп маалымдады ИИМдин басма сөз кызматы.

Берлиген маалыматка ылайык, Ички иштер органдарынын кызматкерлери ИИМдин Ички аскерлеринин бөлүктөрүнүн аскерлери коомдук тартипти толук кандуу камсыздашып, олуттуу бузуулар катталган жок.

Өлкөдө жаңы жылдык түн тынч өттү. Республика боюнча криминогендик кырдаал тынч болуп, башка күндөргө салыштырмалуу кылмыштар аз катталды. ИИОнун нөөмөт бөлүктөрүнө 31-декабрь күнү кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 184 арыз түшүп, алардын ичинен 112си кылмыш, 72си жоруктар. 18 жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болду. 19 жаран денелеринен жаракат алды.

Жол кыймылынынын эрежелерин бузуу боюнча 2129 протокол түзүлдү. Учурда өлкөдө кырдаал туруктуу жана милициянын көзөмөлүндө. Милиция кызматкерлери кылмыштарды аныктоо жана бетин ачуу боюнча күчөтүлгөн тартипте кызматын улантып жатат.

ИИМ жарандарды сак жана жоопкерчиликтүү болууга, массалык иш-чаралар өтө турган жайларда санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так сактоого чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/277