Жугуштуу оорулар ооруканасына КТ сканери тапшырылды. Кимге акысыз кызмат көрсөтүлөт?
RU

Жугуштуу оорулар ооруканасына КТ сканери тапшырылды. Кимге акысыз кызмат көрсөтүлөт?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

28-июлда Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканага Компьтердик Томограф сканери тапшырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздалган Optima CT520 16sl томографынын (Франция) баасы 34 миллион сомдон ашат.

КТ сканери 2020-жылы ПРООН / Глобалдык Фонддун "ВИЧти жана Кургак учукту натыйжалуу контролдоо" долбоорунан үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен сатылып алынган.

Алдын ала макулдашууларга ылайык, учурда томограф РИООдо стационардык дарылануудан өткөн бейтаптарга, ошондой эле кургак учук менен ооруган бейтаптарга, анын ичинде балдарга, коронавирус инфекциясы менен ооруган ВИЧ менен жашаган адамдарга акысыз кызмат көрсөтөт.

Кадимки рентгенге салыштырмалуу компьютердик томография кыйла маалыматтуу ыкма экендиги белгиленди, анткени рентгенде вирустун пневмониясынын 1 жана 2 этаптарынын белгилери өпкөнүн 30% ы жабыркаса дагы байкала бербейт.

"Вирустук жана бактериялык пневмониянын дифференциалдуу диагнозу дагы татаал. Азыр өпкөнүн компьютердик томографиясы вирустук пневмонияны аныктоонун алтын стандарты болуп эсептелет. КТнын жардамы менен биз дарыланып жаткан бейтаптарыбызга медициналык жардамдын сапатын жакшырта алабыз", - деди РИООнун башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2789