Бишкек-Ысык-Көл жолундагы коопсуздук күчөтүлдү: ага наркологдор жана журналисттер тартылды
RU

Бишкек-Ысык-Көл жолундагы коопсуздук күчөтүлдү: ага наркологдор жана журналисттер тартылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Туристтик сезондо жол-транспорт кырсыктарынын көбөйүшүнө байланыштуу, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын аймагында жол кыймылынын эрежелерин одоно бузууларды аныктоо үчүн кошумча МАИ посттору уюштурулат. Бул тууралуу Мамлекеттик жол кыймылынын коопсуздугу инспекциясынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, Кемин, Балыкчы, Чок-Тал жана Чолпон-Ата шаарларында кошумча посттор уюштурулат.

Кеп төмөнкүдөй мыйзам бузуулар жөнүндө болууда:

  • мас абалында унаа башкаруу;
  • тиешелүү документтерсиз;
  • караңгылатылган терезелери бар ж.б.

Жогоруда аталган посттордо МАИ кызматкерлери менен биргеликте медициналык мекемелердин (нарколог) жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү иштешет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2806