Токтакунов: Жапаров 16-октябрда акталган, а бирок андан эки күн мурун ал премьер болгон
RU

Токтакунов: Жапаров 16-октябрда акталган, а бирок андан эки күн мурун ал премьер болгон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Адвокат Нурбек Токтакунов, Садыр Жапаровдун кылмыш иштери боюнча документтер ачыкталган сайын пазлдар акырындык менен чогулуп жатканын жазды. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасында билдирген.

"Ошондо, Жапаров 16-октябрда бийликти басып алуу аракети иши боюнча акталды. Ал эми парламент аны мындан эки күн мурун премьер кылып бекитип алган.

Депутаттардын анын соттолгондугу тууралуу суроосуна Садыр Жапаров мен тазамын, деп жооп берген. Бирок депутаттар премьерге талапкерлигин койгон адамдан сурап отурбай, жөн гана Жогорку сотко кайрылып, маалымат сураттырышы керек болчу. Ушундай эле иш аракетти тиешелүү буйрукка кол коюп жатып, Сооронбай Жээнбеков да сураттырышы керек эле. Соттолгон адамды премьре кылып дайындоо Жогорку соттун андан кийинки тез арада кабыл алынган чечимине таасирин тийгизди.

Мен эми Жогорку соттун бийликти басып алуу ишин карап чыгуу үчүн өздөрүнө-өздөрү жөнөткөн чечимди издеп жатам. Ал жерде жаңыдан пайда болгон кырдаалдын баяндамасы тиркелиши керек. Жүз пайызга көзүм жетип турат, ал жерде Садыр Жапаров премьер болуп калгандан башка эч кандай жаңы кырдаал жок болсо керек. Ошондуктан Жогорку сот бул чечимди жашырып келет. Андан тышкары Генералдык прокуратуранын корутундусун да жашырышат. Анда алар соттон ишти кайрадан карап чыгып, жаза алгандардын бардыгын бошотууну суранат. Келаткан жылы бул документтердин бардыгы бийликти криминалдын колго алуусуна жардам берген кызматтагы адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга жардам берет", - деп ал 31-декабрда жазып чыкты.

Эске салсак, Садыр Жапаров жазасын колонияда өтүп жаткан. Бардык инстанциянын соттору 2013-жылы Караколдогу митингдерди уюштурганы жана катышкандыгы үчүн аны 11 жыл 6 айга күчөтүлгөн режимдеги колонияда кармоо жазасына тартышкан. Аны "Адамды барымтага алуу" 227-берене боюча соттошкон. Жапаров 6-октябрдан кийинки окуялардан кийин эркиндикке чыгарылды.

Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана Камчыбек Ташиев бийликти басып алуу аракети үчүн камакка алынышкан. Кийин Мамытов менен Ташиев өздөрүнүн соттолгондугун жабышкан, ал эми Жапаровдуку ошо бойдон калган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/281