Анда 20 жаштагы таксист каза болгон. Анын машинасы дарыянын боюнда оодарылып кеткен
RU

Анда 20 жаштагы таксист каза болгон. Анын машинасы дарыянын боюнда оодарылып кеткен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Yandex таксинин айдоочусу Кемин районунда жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 133-чакырымында (Кемин району) Honda Fit унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, унаа оодарылып кеткен. Натыйжада 2001 -жылы туулган айдоочу Э.И. көз жумган.

Окуя болгон жерге Кемин шаардык ӨКМнин 4 куткаруучусу барышып, маркумдун сөөгүн унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2851