Howo жүк ташуучу унаасы жеңил унаа менен сүзүшкөн. 36 жаштагы киши каза болду(фото)
3118
Бишкек-Ош унаа жолунда Howo жүк ташуучу унаасы менен Mazda үлгүсүндөгү жеңил унаа сүзүштү.
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, Бишкек-Ош унаа жолунун 530-чакырымында Ноокен районунун аймагында жол кырсыгы катталды. Натыйжада 36 жаштагы киши каза болгон.
Окуя болгон жерге үч куткаруучу тартылып, алар маркумдун сөөгүн унаадан чыгарышып, Ички иштер министрлигине өткөрүп беришкен.
slide 2 of 3
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/2984