"Тургундар талибдерге тамак даярдап берет". Ооган жигити аймактагы жашоо тууралуу айтты
RU

"Тургундар талибдерге тамак даярдап берет". Ооган жигити аймактагы жашоо тууралуу айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ооганстандагы "Талибан" кыймылы басып алган провинциялардын биринин жашоочусу Тахар Абдулхалек Тахари аттуу жигит талибдердин бийлиги астында күн кечирип жаткан карапайым элдин абалы тууралуу айтып берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жарыялады.

Анын айтымында, карапайым тургундар талибдер койгон талаптарды аткарууга мажбур болуп күн кечирүүдө.

"Талибдер шарият мыйзамдары боюнда карапайым калкка салык салышат. Жашоочулар милдеттуу түрдө түшүмдүн оңдон бир булугу жаңы зекет (жылдык салык) бериши керек болуучу.

Ошондой эле тургундар жекече жана топ-топ болуп талибдерге тамак даярдоого да милдеттендирилген", - деп билдирген ооган жигити.

Мындан тышкары талибдер жашоочулардын жеке иштерине да кийлигишип жатышканын белгилеген. Айтымында согушкерлер ар бир адамдын уюлдук телефонун текшерип, талаптарга ылайык келбеген нерсе табылып калса жазалоого чейин барышууда.

Муну менен катар жаштарга сакалын алууга, ал эми аялдарга жалгыз көчөгө чыгууга катуу тыюу салышкан.

Тахари мурда Ооган армиясында кызмат өтөгөн. Эгер бул нерсени талибдер билип калышса аны жазага тарта турганы анык. Ошондуктан тезирээк туулуп-өскөн айылынан чыгып кетүүнү көздөп жатканын кошумчалаган.

Булак:https://www.super.kg/kabar/news/373089/

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3015