Ысык-Көл облусундагы жол кырсыкта 5 адам каза болуп 14 киши жабыркады (фото)
RU

Ысык-Көл облусундагы жол кырсыкта 5 адам каза болуп 14 киши жабыркады (фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда үрөй учурган жол кырсык катталды. 5 адам каза болуп, 14 киши жаракат алышты. Бул маалыматты Kaktus.media редакциясына ИИМдин ЖККББси тастыктады.

Белгилүү болгондой, бүгүн, 17-августта, "Бишкек - Нарын - Торугарт" жолунда, Тоң районуна жакын жерде "Хово" маркасындагы жүк ташуучу машиненин тормозу иштебей, каршылаш жолдо келаткан "Мерседес-Бенц Спринтер" үлгүсүндөгү микроавтобусту сүзгөн.

Микроавтобус 18 жүргүнчүсү менен Нарын облусунун Ак-Талаа районуна жол тартып бараткан болчу.

Спойлер
Жабуу

Алдын ала берилген маалымат боюнча беш адам каза тапты. Калган 14 киши түрдүү жаракаттары менен госпитализацияланган.

Кырсык катталган жерде ЖКККББнин кызматкерлери иш алып барууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3019